• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19га каршы вакцина ВИЧ-инфекциясы менен жашаган адамдар үчүн коопсуз

COVID - 19 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Жаңы иштелип жаткан, ошондой эле колдонулуп жаткан COVID-19га каршы вакциналар адамга зыяны жок деп табылгандыктан, ВИЧ-инфекциясы менен жашаган адамдар үчүн дагы коопсуз экендиги тастыкталган. Бул тууралуу бүгүн брифинг учурунда Республикалык "СПИД" борборунун директору Үмүткан Чокморова билдирди.

Анын айтымында, жогоруда айтылгандарды эске алганда эмдөөдөн баш тартууга эч кандай негиз жок. ВИЧ менен жашаган адамдар үчүн коронавируска каршы вакцина башка адамдар сыяктуу эле пайдалуу. Ал оорунун күчөшүн алдын алат .

“ВИЧ менен жашаган адамдар эффективдүү антиретровирустук препараттарды ичүүлөрү керек. Ошондой эле эмделгенден кийин алдын алуу чараларын сактоо зарыл”, - деп кошумчалады Чокморова.

Пикир

Оставить комментарий