• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дөңгөлөк алмаштырууга эрте! Кайгуул милициясы айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери алыска каттаган такси кызматынын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы күндөрү такси кызматы катышкан жол кырсыктары көп катталып, коомдук талкуу көп болуп жаткандыктан, Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери чыгыш-батыш Автобекеттердеги, Аламүдүн жана Ош базарындагы Бишкек шаарынын аймагынан тышкары алыскы каттамга каттаган таксилердин айдоочуларына жеринен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Жолугушуу учурунда айдоочулардан авто унаанын техникалык абалы оң абалда болуусу, жолдо жүрүү учурунда техникалык жана коопсуздук эрежелери толук кандуу сакталуусу, ылдамдыкты көрсөтүлгөн нормадан ашырбоосу, алдыңкы унаа менен болгон аралыктын толук сакталышы талап кылынды.

Ошондой эле, буга чейин атайын каттамга чыккан таксилерди каттаган журналга шаарга кирип чыккан такси авто унаалары мындан ары да журналга катталып туруусу эскертилди.

Мындан сырткары, аба ырайынын катаал шарттарынан улам азырынча кышкы дөңгөлөктөрдү жайкы дөңгөлөктөргө алмаштыруу эрте экендиги белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий