• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Асел Чынбаева: Балдарды тарбиялоонун маселелери ата-энелер тарабынан өзгөчө көңүл бурууну талап кылат

Коом 0

Бишкек, 25.04.22./Кабар/. Бүгүн, 25-апрелде, Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева менен Кыргыз Республикасынын Омбудсмени Атыр Абдрахматова балдардын маселелери менен алектенген өкмөттүк эмес уюмдары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Асел Чынбаева белгилегендей, бүгүнкү күндө жалпы балдар, анын ичинде турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдар менен күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу зарыл.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл бүгүнкү күндө балдарды тарбиялоо көйгөйлөрү ата-энелерден өзгөчө көңүл бурууну талап кылаарын, анткени ар бир бала өзү өскөн чөйрөдөн көз каранды экенин баса белгиледи.

“Ар кандай курактагы балдар ата-энесинин сезимдерин кабыл алышат, эгер чоңдордун мамилесинде гармония болбосо, бул тигил же бул балага таасир этет, кээде өзүн өзү өлтүрүү сыяктуу терс кесепеттерге алып келет”, - деп белгиледи Асел Чынбаева.

Ал ошондой эле бул жолугушуунун маанилүүлүгүн жана балдардын кызыкчылыгы үчүн мындан аркы кызматташуунун зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий