• 88.68
  • 95
  • 0.95

Конституциялык соттун делегациясы Түркияда İDAY конференциясына катышты

Коом 0

Бишкек, 29.12.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 25-26-декабрында Стамбулда Кыргызстандын Конституциялык сотунун төрагасы Эмил Өскөнбаев башында турган делегациясы Ислам дүйнөсүнүн мамлекеттеринин конституциялык юрисдикцияларынын (İDAY) конференциясына катышты.

Конституциялык соттон билдиришкендей, делегация Түркиянын Конституциялык сотунун төрагасы Зухту Арсландын чакыруусу боюнча барган.

Конференциянын ишине дүйнөнүн 36 өлкөсүнөн конституциялык көзөмөл жүргүзгөн жогорку сот бийлигинин 136 өкүлү катышып, иш-чаранын жүрүшүндө уюмдун уставы кабыл алынды.

Ошондой эле сапардын алкагында #ConstsotKG төрагасы Түркия, Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан уюштуруучу болгон Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин конституциялык юрисдикцияларынын конференциясынын (TÜRK-AY) биринчи отурумуна катышты, ал эми Түндүк Кипр жана Түркмөнстан бул уюмда байкоочу катары чыгышты.

Эки ири институттун түзүлүшүнүн урматына эл аралык конференция уюштурулуп, ага Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган катышып, сөз сүйлөдү.

"Белгилүү болгондой, конституциялык сот бийлигинин чөйрөсү кенен. Бүгүнкү күндө конституциялык соттор конституциялык укуктарды жана эркиндиктерди коргоонун алмаштырылгыс институттары", – деди Түркиянын президенти.

Ал Ислам дүйнөсүнүн конституциялык көзөмөлүнүн жогорку сотторунун башчыларына конференцияга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Ислам дүйнөлүк конституциялык сот тутумунун конференциясынын алкагында конституциялык көзөмөл жүргүзүүчү жогорку сот органдарынын кызматташуусу жана тажрыйба алмашуусу чоң мааниге ээ", – деп кошумчалады Режеп Тайип Эрдоган.

Пикир

Оставить комментарий