• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Түркия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратында бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков менен Түркия элчилигинин Соода боюнча өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси Хусейн Кочтун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда соода-экономикалык кызматташуунун, тараптардын бажы администрацияларынын ортосунда эки тараптуу кызматташуусунун жана эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен 2022-жылга пландалган эл аралык иш-чаралардын актуалдуу маселелерин талкуулашты.


Пикир

Оставить комментарий