• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дүйнөдө COVID-19 менен ооругандардын саны бир жумада дээрлик 20%га өскөн

Дүйнө 0

Бишкек, 12.10.22. /Кабар/. Дүйнөдө COVID-19 менен ооругандардын саны бир жумада дээрлик 20%га өскөн. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлайт.

ТАСС маалымат агенттигинин эсеби боюнча өткөн жумада коронавирус инфекциясын 3,2 млн адам жугузган. Бул өткөн ушул мезгилге караганда 0,7 миллионго көп.

Дүйнө жүзү боюнча орто эсеп менен акыркы 10 жумада ооруну жуктуруу азайып жаткан, бирок Европада COVID-19дун жайылуу темпи бир айдан бери өсүүдө. Аймакта оорунун жаңы толкунунун башталышы тууралуу жарыялашты.

COVID-19дан адам өлүмүнүн учурлары жумасына 10 миңден аз адам деңгээлинде кармалып турат. Ошол эле учурда Россияда оорунун азайганына карабастан, адам өлүмүнүн учурлары өсүп жатат.

Бүгүнкү күндө коронавирусту, анын ичинде анын эң акыркы штаммдарын жуктуруудан эмдөө гана коргой алат!

Пикир

Оставить комментарий