• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Индияда коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону айтылууда

Дүйнө 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. Индиянын Махараштра штатында “дельта плюс” атка конгон коронавирустун жаңы штаммына 20 адам чалдыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

“Биз “дельта плюсту” Нави-Мумбаи, Палгаре жана Ратнагири шаарынан да таптык. Мындан кийин дагы анализдерди алдык, азыр анын жообун күтүп жатабыз”, - деп билдирген Медициналык билим берүү жана изилдөө башкармалыгынын башчысы Т.П.Лахан India TV телеканалына.

Ратнагири шаарында коронавирустун жаңы штаммына беш адам кабылган. Алардын экөөндө оорунун белгилери байкалган эмес.

Илдеттин жайылуусун токтотуу үчүн жергиликтүү бийлик штамм катталган райондорду жабып, обочолонуу зоналарды түздү.

Пикир

Оставить комментарий