• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МСК электрондук патент үчүн онлайн төлөмдөгү кыйынчылыктар тууралуу билдирди

Экономика 0

Бишкек, 12.10.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы төлөм шлюзунун жаңылануусуна байланыштуу электрондук патент/полис үчүн төлөм жүргүзүүдө салык төлөөчүлөрдө кыйынчылыктар болуп жаткандыгын билдирет.

Ага ылайык, 2022-жылдын 1-октябрынан баштап электрондук патент үчүн төлөмдөрдү кабыл алууга жооптуу болгон электрондук төлөм системасы (төлөм шлюзу) "Инфоком" мекемесинин карамагынан "Инфосистемс" мекемесинин карамагына өткөрүлүп берилген, андан кийин Инфосистемс жаңыланган төлөм шлюзун ишке киргизген.

Бүгүнкү күндө көпчүлүк банктар жана төлөм уюмдары "Инфосистемс" мекемеси менен бирдикте жаңыланган төлөм шлюзуна кошулуу боюнча иштерди жүргүзүшкөн эмес, ошол себептен электрондук патент/полис үчүн акы төлөө өз убагында жүргүзүлбөй келүүдө.

"Ушуга байланыштуу Салык кызматы патент/полис үчүн онлайн режимде төлөө мүмкүн болбогон учурда, патент/полисти кагаз түрүндө алуу үчүн жергиликтүү салык органына кайрылууну сунуштайт", - деп айтылат маалыматта.

Салык кызматы жарандардын электрондук патент/полис үчүн онлайн режимде төлөм жүргүзүүсү үчүн төлөм шлюзунун ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча болгон мүмкүнчүлүгүн жумшоодо жана "Инфосистемс" мекемеси менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий