• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 11 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 05.07.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 11 млн 267 миң 309 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, коронавирусту жуктургандардын ичинен 530 миң 754 киши каза болгон. Ал эми 6 млн 59 миң 565 адам айыкты.

Коронавирусту АКШда − 2 млн 839 миң 436 киши, Бразилияда − 1 млн 577 миң 4, Россияда − 673 миң 564, Индияда − 673 миң 165, Перуда − 299 миң 80, Чилиде − 291 миң 847, Улуу Британияда − 286 миң 412, Мексикада − 252 миң 165, Испанияда − 250 миң 545, Италияда – 241 миң 419 адам жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий