• 88.68
  • 95
  • 0.95

Россиялык саясатчы Владимир Жириновский каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Россиянын Либералдык-демократиялык партиясынын лидери Владимир Жириновский узакка созулган оорудан кийин каза болду. Бул тууралуу Мамлекеттик думанын спикери Вячеслав Володин билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Пленардык жыйындын алдында депутаттар саясатчынын элесин бир мүнөт унчукпай эскеришти.

2021-жылы 75 жашка чыккан Жириновский 2-февралда COVID-19 диагнозу менен ооруканага жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий