• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дүйнөдө коронавируска кабылгандардын саны 535 млн адамдан ашты

COVID - 19 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирустун катталган учурларынын саны 535 млн 259 миң 297 адамга жеткенин Жонс Хопкинс америкалык университетинин маалыматтары күбөлөндүрүп турат.

Республикалык штаб жазып чыккандай, жер жүзүндө вирус тарагандан бери COVID-19ду жугузуунун кесепетинен 6 млн 309 миң 431 адам каза болгон.

Илдетке чалдыккандардын саны 20 млн кишиден ашкан өлкөлөрдүн катарына:

- АКШ — 85 млн 515 миң 795 учур, 1 млн 11 миң 275 өлүм;
- Индия — 43 млн 230 миң 101 учур, 524 миң 771 өлүм;
- Бразилия — 31 млн 456 миң 865 учур, 668 миң 110 өлүм;
- Франция — 29 млн 946 миң 603 учур, 149 миң 749 өлүм;
- Германия — 26 млн 809 миң 245 учур, 139 миң 807 өлүм;
- Улуу Британия — 22 млн 571 миң 882 учур, 179 миң 884 өлүм.

Пикир

Оставить комментарий