• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дүйнөдө коронавирусту 14 миллиондон ашуун адам жуктурду, 606 миңдей жаран каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 14 млн 508 миң 892 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, коронавирусту жуктургандардын ичинен 606 миң 206 киши каза болгон. Ал эми 8 млн 134 миң 747 адам айыкты.

Коронавирусту АКШда − 3 млн 773 миң 260 киши, Бразилияда − 2 млн 98 миң 389, Индияда – 1 млн 118 миң 206, Россияда − 770 миң 311, Түштүк Африкада − 364 миң 328, Перуда − 353 миң 590, Мексикада − 344 миң 224, Чилиде − 330 миң 930, Улуу Британияда − 296 миң 358, Иранда – 273 миң 778 адам жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий