• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дүйнөдө коронавирустан айыккандардын саны 5,5 млн адамга жакындады

Дүйнө 0

Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирустан айыккандардын саны 5 млн 499 миң 628 адамды түздү. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, дүйнөдө 10 млн 716 миң 63 адам коронавирус жуктуруп алды. Анын ичинен 516 миң 726 киши каза болгон.

АКШда коронавирусту 2 млн 686 миң 587 киши, Бразилияда − 1 млн 448 миң 753, Россияда − 660 миң 231, Индияда − 604 миң 641, Улуу Британияда − 314 миң 992, Перуда − 288 миң 477, Чилиде − 282 миң 43, Испанияда − 249 миң 659, Италияда − 240 миң 760, Иранда − 232 миң 863 адам жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий