• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Барби" тасмасы дүйнөлүк прокатта миллиард доллар чогултту

Дүйнө 0

Бишкек, 08.08.23. /Кабар/. "Барби" комедиясынын авторлору тасма дүйнөлүк прокатта миллиард доллардан ашык киреше тапканын айтышты, муну серепчилер да тастыкташты.

"Барби" азыр кассада 2023-жылдын эң көп киреше тапкан экинчи тасмасы болууда. The Super Mario Bros ("Бир тууган Супер Мариолор") 1,35 миллиард доллар менен 1-орунда турат. Буга чейин жарыкка чыккан бардык тасмалардын ичинен "Барби" прокаттагы ийгилиги боюнча 45-орунда.

"Барби" режиссёр айым тарткан эң көп киреше тапкан тасма болгону белгиленүүдө. Ага чейин Пэтти Женкинстин 2017-жылы жарыкка чыккан Wonder Woman тасмасы прокатта болжол менен 822 миллион доллар чогулткан.

Пикир

Оставить комментарий