• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

АКШ Сенаты Россияга каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө макулдашты

Дүйнө 0

Бишкек, 13-июнь /Кабар/. Сенатта республикачылар менен демократтар жетишкен макулдашууга ылайык, Орусияга АКШнын былтыркы президенттик шайлоого кийлигишкенинен улам жаңы санкциялар кабыл алынат. Ал эми Украинадагы “агрессиясына” байланыштуу буга чейин киргизилген санкциялар мыйзам аркылуу бекемделет.

АКШ Сенаты Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүнү макулдашты.

Макулдашылган мыйзам долбооруна жазылган негиздемеде Орусияга каршы кабыл алынуучу жаңы санкциялар “орус өкмөтү атынан кибер ишмердүүлүк жүргүзгөн жеке адамдарды” бутага алары көргөзүлгөн.

Сенатта жетишилген макулдашуу боюнча Орусияга каршы жаңы санкциялар адам укуктарын бузганы, Сирия өкмөтүн курал менен камсыздаганы үчүн да киргизилет.

Ал эми Орусияга каршы анын Украинадагы аракеттеринен улам буга чейин президенттин жарлыгы менен киргизилген санкциялар мыйзам аркылуу бекемделет. Муну менен Конгресс ал санкцияларды кайра кароо, эгер Ак үй аларды жумшартууга аракеттенсе тоскоолдук жасоого укук алмакчы.

Булагы: Centralasian

Пикир

Оставить комментарий