• 88.68
  • 95
  • 0.95

Боронов: Коронавируска каршы күрөшүү үчүн келген финансы каражаттары максаттуу пайдаланылат

Өкмөт 0

Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө чет мамлекеттерден жана өнөктөштөрдөн келген каражаттар максаттуу пайдаланылат жана аны тиешелүү фискалдык жана укук коргоо органдары буга көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов маалымат жыйынында билдирди.

Премьер-министр сырттан тартылган финансылык каражаттын ар бир тыйыны боюнча отчёт берилерин белгиледи.

«Коронавирус менен күрөшүүгө өнөктөштөрдөн жана чет өлкөлөрдөн жалпы 645,0 млн АКШ доллары суммасындагы каражаттары тартылууда, алардын ичинен финансылык жардам – 627,3 млн АКШ долл., гуманитардык жардам – 17,7 млн АКШ долл. Бүгүнкү күндө бул каражаттардан бюджетти колдоого 291,9 млн АКШ доллары түштү, ал эми инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга 206,2 млн АКШ доллары тартылууда. Бул каражаттар саламаттык сактоо, социалдык коргоо тармактарына колдоо көрсөтүүгө жана экономиканы кризистен кийин калыбына келтирүүгө багытталган», - деди Кубатбек Боронов.

Ошондой эле Премьер-министр Өкмөт ишкердик субъекттерге колдоо көрсөтүү жана экономикалык жигердүүлүктү калыбына келтирүүгө багытталган чараларды көрүп жатканын айтты.

«Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан айтылган экономиканын дараметин өнүктүрүү боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында Өкмөт ишкердик субъекттерге колдоо көрсөтүүгө жана акырындык менен экономиканы калыбына келтирүүгө багытталган чараларды көрүп жатат», - деди Өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий