• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дүйнөлүк банк: Тажикстанда калктын 13% өтө жакыр жашайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21-июнь /Кабар/. Тажикстанда 2003-жылдан 2015-жылга чейин жакырчылыктын деңгээли 73% дан 31% чейин кыскарган. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча буга карабай, жакырчылыктын деңгээли жогору бойдон калууда.

Дүйнөлүк банк жакырчылыктын чегин бир кишиге 3 доллар 10 цент деп аныктаган. Чыгашалары бул суммадан аз болгондор жакыр, 1 доллар 10 цент жумшагандар өтө жакыр деп эсептелет.

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча Тажикстан калкынын 13% өтө жакыр жашайт, 2009-жылдан бери бул көрсөткүч дээрлик өзгөргөн эмес. Ошол эле маалда жакыр калктын 81% айыл жеринде жашайт.

Тажикстандын Статистика комитети жакырлардын саны жыл сайын 1% азайып баратканын, азыр 31,3% түзгөнүн билдирди.

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча 2014-жылдан бери көп тажик бүлөлөрүнүн киреше булагын негизинен эмгек мигранттар жөнөткөн акчалар түзгөн. Бирок Орусия экономикасын каатчылык басып, көптөгөн тажик жарандары мекенине кайтып келгенден кийин көп үй-бүлөлөрдүн кирешеси кыскарган.

Пикир

Оставить комментарий