• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дагы бир улуттук рекорд коюлду. КРда 800 кг боорсок жасалды

Коом 0


Бишкек, 22.03.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. “Кыргыз айылы” этнографиялык комплексинде Ноорузду белгилөөнүн алкагында 800 кг боорсок даярдалып, улуттук рекорд коюлду. Бул тууралуу социалдык тармактарда уюштуруучулар “Кыргызстан обондору” билдиришти.

“Боорсок – улуттук рекорд!” фестивалында 10 команда таң эрте улуттук боорсокту жасашкан.

“Биз максатыбызга жеттик, 600 кг боорсокту атайын баштыктарга салып, иш-чаранын конокторуна жана катышуучуларына бердик. Карылар үйлөрүнө 100 кг, балдар үйлөрүнө 100 кг жеткирилди. Коюлган рекорд менен баарына ооз тийгиздик”, - деп жазышат уюштуруучулар соцтармактарда.

Мындан тышкары коноктор спорттук жана улуттук оюндарга катышып, сүмөлөктөн ооз тийишип, атамекендик эстрада жылдыздарынын концертине күбө болушту.

Рекорд үчүн ашпозчулар тарабынан жарым тонна ун керектелди.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-мартында кыргызстандыктар 1 миң 464 кг бешбармак жана 117 метр чучук даярдашып дүйнөлүк рекордду коюшту.

Пикир

Оставить комментарий