• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дарья Маслова Азия оюндарында 5000 метр аралыкка чуркап, “күмүш” тагынды

Спорт 0

Бишкек, 28.08.18 /Кабар/. Жеңил атлетчи Дарья Маслова Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында 5000 метр аралыкка чуркоодо күмүш медаль утуп алды.

Ал финиш сызыгын 15:30.57 жыйынтыгы менен кесип өткөн. Бул аралыкта биринчи орунду Бахрейнден келген спортчу Калкидан Бифкаду (15:08.08) утуп алган.

Ал эми коло медалды дагы бир бахрейндик спортчу Бонту Ребиту 15:36.78 жыйынтыгы менен утуп алган.

Эске сала кетсек, Маслова 10 миң метр аралыкта Азия оюндарынын алтын медалын тагынган.

Жалпысынан Кыргызстан 17 медаль утуп алды. Анын ичинен 2 алтын, 6 күмүш жана 9 коло медаль.

Пикир

Оставить комментарий