• 79.5
  • 83.15
  • 1.47
Кыргызское национальное информационное агентство «Кабар»

Санжар Акматов Алматыдагы бокс боюнча турнирде биринчи орунга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. Кыргызстандык Санжар Акматов Алматыдагы чоңдор арасында бокс боюнча турнирде биринчи орунга ээ болду. Бул тууралуу Бишкек мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Санжар Акматов 2021-жылы Дубайда өткөн жаштар арасында Азия чемпионатында экинчи орунга татыган.

Аталган мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын спортчулары катышты.

Пикир

Оставить комментарий