• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Дарыгерлер баш оорунун негизги коркунучу тууралуу айтып беришти

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 22.05.21. /Кабар/. Баш оору мээ рагы тууралуу сигнал берүүчү эң көп жайылган симптом болуп саналат. Бул тууралуу британиялык кайрымдуулук уюмуна шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.

Адистер буга чейин баш оору көйгөйү болбосо дарыгерге барууну кийинкиге калтыбоону сунушташат. Мындан тышкары, баш оору тынымсыз, түнкү убакта дагы уланса анда буга олуттуу кароо керек.

Башка белгилердин арасында адам өмүрүнө өтө коркунучтуусу жүрөк айлануу жана көздүн көрүүсүндөгү көйгөйлөр болуп саналат.

Баш мээдеги шишик – аномалдуу көзөмөлсүз клеткалык бөлүнүү процессинен келип чыккан баш сөөктүн ичиндеги залалдуу же залалсыз ар түрдүү кубулуштардын гетерогендүү тобу, алар мурда мээ ткандарынын кадимки компоненттери болгон же башка органда жайгашкан баштапкы шишиктин метастазасынан келип чыккан.

Мээ рагын дарылоо кыйын, анткени ал өтө инвазивдүү. Операциядан же химиотерапиядан кийин дагы рак клеткаларынын айрымдары калып калуу коркунучу жогору болуп, рак кайрадан өөрчүшү мүмкүн. Мындан тышкары, айрым мээ шишиктери көп жылдар бою залалсыз жүрүп, кийин тез эле залалдуу шишикке айланып кетиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий