• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча эл аралык мелдеште күмүш медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. Кыргызстандык суучул Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча эл аралык мелдеште күмүш медаль жеңди. Бул тууралуу аталган мелдештин сайтында айтылат.

Мелдеш 17-19-январда Швейцариянын Женева шаарында өттү.

Петрашов сууда сүзүүнүн брасс түрүнүн 50, 100 жана 200 метр аралыкка сүзүү боюнча мелдешке катышты. 50 метр аралыкка сүзүп жетинчи орунга, 100 метрде төртүнчү орунга жана 200 метрде экинчи орунга татыды.

Эскерте кетсек, Денис Петрашов Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алган.

Пикир

Оставить комментарий