• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тарых музейи жана ат майданы боюнча иш: Карыбаева музейдин курулушуна жана каржылык жагына кийлигишкен эмес - Абдиев

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Бүгүнкү отурумда Тарых музейин оңдоп-түзөө иши боюнча Архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев көрсөтмө берүүдө.

Анын айтуусуна караганда, КР президентинин жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Мира Карыбаева курулуш иштерине жана каржылык жагына кийлигишкен эмес. "Ал көбүнчө илим жагын карап, көп учурда Маданият министрлиги менен иштейт эле", - деп билдирди ал.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий