• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда бажычылар убактылуу кампада сактоо шарттарын бузуу фактысын аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.08.23. /Кабар/. Жалал-Абадда бажычылар убактылуу сактоо кампасында сактоо шарттарын бузуу фактысын аныктады.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, "Х.К.Ю." аттуу кыргыз жаранынын дарегине Кытайдан жалпы салмагы 75 170 кг түзгөн демонтаждалган BX YL78-4500Tүлгүсүндөгү гидравликалык пресс келген. Аталган жабдуу кампадан алып чыгууда каржылык пайда көрүү максатында бажы органына билдирбестен ачылып, чогултулганы аныкталган.

Төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасы 381 миң 130 сомду түздү.

Факт КБР МКЖ АДСке катталган, материалдар КР мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алуу үчүн Жалал-Абад облусунун прокуратурасына өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий