• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жумгал районунда мамлекеттик архивдин жаңы имараты ачылды

Коом 0

Бишкек, 18.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 18-августта Нарын облусунун Жумгал районунда мамлекеттик архивдин жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Иш-чарага президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева, архив кызматынын төрагасы Мария Алыбаева, райондун акими Адыбек Набиев жана аталган кызматтын өкүлдөрү катышты.

Курулуш иштерин жүргүзүүгө "Мейкин Улан" ЖЧК менен 17 361 307 миң сомго келишим түзүлгөн. 2020-жылы дүйнө жүзүн каптаган пандемияга карата каржылоо токтоп калган. 2021-жылдын июнь айында пайдубалына капсула салынып курулуш иши кайрадан башталган.

Учурда Жумгал райондук мамлекеттик архивинде 130 фонд жана 19064 сактоо бирдиги бар. Ошондой эле Жумгал районунун мекеме-ишканаларында 1932-2005-жылдары түзүлгөн 63 фонд 9699 сактоо бирдиги Нарын шаарындагы Нарын облустук башкармалыгында эски имаратта орун жоктугуна байланыштуу сакталып калган. Райондун тургундарын тейлөө максатында бул документтер Жумгал райондук мамлекеттик архивине өткөрүлүп берилген. Документтер райондук архивдин казынасына кабыл алынгандан кийин документтердин жалпы саны 197 фондду жана 28763 сактоо бирдигин түзөт.

Пикир

Оставить комментарий