• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутат Бекешов Бишкекте веложолдорду салууну сунуштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.03.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов парламенттин жыйынында Бишкекте веложолдорду салууну сунуштады.

Анын айтуусу боюнча, борбор калаада экология маселеси бир нече ирет талкууланып, бирок ошол бойдон чечилбей калып калды.

“Албетте, биз бул көйгөйдү ошол замат чече албайбыз, бирок бүгүн баштасак болот. Мисалы, адегенде шаардын түндүк жагында жашагандарга жумушка, окууга келип кеткенге оңой болуусу үчүн веложолдорду куруп баштасак болот. Ал үчүн унаалар токтобогондой кылып, тосмолору менен жакшы веложолдорду куруу керек”, - деди депутат.

Эл өкүлү көп студенттер жана жаштар унааларын велосипеддерге алмаштыраарына ишенээрин билдирди.

“Жаштар жада калса электросамокаттарды сатып алууга даяр экендиктерин билдиришти. Университеттерди, жумуш берүүчүлөрдү жана маморгандарды өз кызматкерлерин, студенттерди экологиялык транспортторго өтүүсүнө стимул берүүсү керек. Мэрия жалгыз бул маселени чече албайт. Биздин милдет – коопсуз шарттарды түзүп берүү”, - дейт Бекешов.

Пикир

Оставить комментарий