• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутат белгилүү хирург Акрамовду турак жай менен камсыздоо маселесин көтөрдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламенттеги жыйындын жүрүшүндө белгилүү хирург Эрнст Акрамовду турак жай менен камсыздоо маселесин көтөрдү.

Анын айтымында, коомчулукта эки күндөн бери Акрамов тууралуу талкуулар жүрүүдө.

“Белгилүү хирург ишсиз жана үй-жайсыз калды. Урматтуу төрага Акрамовду мамлекеттик турак жай менен камсыздоо маселесин карап чыгуу зарыл”, - деди ал.

Депутат кесиптештерине Акрамов элдик депутат жана КР Эл баатыры наамынын ээси экендигин эскертти.

Эске салсак, буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облустук ооруканасындагы Эрнст Акрамовдун Калыбына келтирүүчү хирургия илимий борборун жапканы белгилүү болгон.

Ошондой эле бир катар ЖМКлар билдиргендей, Бейшеналиевдин айтымында, хирургдун жеке турак жайы жана жакындары жоктугуна байланыштуу ал аталган борбордо жашап келет.

Пикир

Оставить комментарий