• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төрага Базар-Коргондо салынып жаткан оорукананын курулуш иштери менен таанышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.12.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы оорукананын курулуш иштери менен таанышты.

Алсак, коңшулаш айылдарда жашаган 30 миңдей калкты тейлеген оорукананын курулушу 2019-жылы башталып, бирок кайрадан токтоп калган. 2022-жылы курулуш иштери уланып, учурда 80% жумушу бүткөрүлдү.

Жасалып жаткан иштерди көрүп чыккан төрага шарты жок имараттарда калкка кызмат кылып келе жаткан дарыгерлер менен жолугушуп, баарлашты.

“Саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү, андагы иштеген ак халатчан адистерге керектүү шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Андыктан, акыркы үч жыл аралыгында аймактарда курулушу токтоп турган ооруканаларды аягына чыгаруу жана жаңы медициналык мекемелерди куруу ишине өзгөчө көңүл бурулууда. Дарыгерлердин айлык маянасы көтөрүлүп, жакынкы аралыкта да жогорулатуу мерчемделүүдө. Себеби, улуттун саламаттыгы үчүн күрөшкөн адистердин айлык акысы 70-80 миң сомдон кем болбошу керек”, – деди төрага Нурланбек Шакиев.

Муну менен катар курулуп жаткан имарат өз убагында бүткөрүлүп, бардык заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалышы керектигин коштоп барган жетекчилерге табыштаган Жогорку Кеңештин төрагасы бул маселени өз көзөмөлүнө аларын билдирди.

Эскерте кетсек, төраганы депутаттар Айбек Алтынбеков, Талайбек Масабиров, Айбек Маткеримов, финансы министринин орун басары Руслан Татиков, архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Самат Джантелиев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган тиешелүү жетекчилер коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий