• 88.68
  • 95
  • 0.95

Молдогазиев ЕККУнун ТИМ кеңешинин жыйынтыктоочу отурумуна катышты

Саясат 0

Бишкек, 02.12.23. /Кабар/. КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жетектеген делегация ЕККУнун тышкы иштер министрлеринин кжыйынтыктоочу отурумуна катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

Отурум Түндүк Македониянын Скопье шаарында өткөн.

А.Молдогазиев ЕККУ ТИМКнын Пленардык жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Уюмдун конфликттердин алдын алуу жана кризистерди жеңип чыгуу боюнча механизмдеринин негизинде ЕККУ аймагындагы конфликттерди тез арада чечүү жолдорун табууга катышуучу мамлекеттерди чакырды.

Ошондой эле БУУнун Уставында жана ЕККУнун Хельсинки Корутунду актысында белгиленген эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган нормаларын жана принциптерин, анын ичинде суверендүү теңдик, аймактык бүтүндүк, мамлекеттин ички иштерине кийлигишпөө сыяктуу принциптерин сактоо зарылдыгын белгиледи.

Ушуга байланыштуу Кыргызстан конфликттерди тынч сүйлөшүүлөр аркылуу жана саясий-дипломатиялык жол менен чечүүнү ар дайым жактай турганын баса белгиледи.

Аймактык коопсуздук маселесине токтолуп, А.Молдогазиев Кыргыз Республикасынын Борбордук Азиядагы интеграциялык процесстерди илгерилетүүгө умтулуусун баса белгиледи. Атап айтканда, Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана башка өз ара аракеттенүү жолдору биздин аймактын туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бекем негиз болуп саналаарын белгиледи.

Консенсусту камсыз кылуу маселеси боюнча Уюмдун ичинде орун алып жаткан карама-каршылыктарга көңүл буруп, ЕККУдагы учурдагы чакырыктар жана тобокелдиктер, тескерисинче, бардык катышуучу мамлекеттерди бириктирип, кырдаалдан чыгуунун жолдорун табууга жардам бериши керек деген ишенимин билдирди.

КР делегациясынын Башчысы кыргыз тарабы көп тараптуу дипломатияны жана конструктивдүү диалогду өнүктүрүүнү жактай турганын белгиледи. Ушундан улам 2024-жылы ЕККУга төрагалык кылуу маселеси боюнча жетишилген консенсусту кубаттады. Уюмдун бардык институттарынын жетекчилеринин мандатын узартуу, ошондой эле ЕККУнун бирдиктүү бюджетин бекитүү боюнча дагы консенсус камсыз болооруна үмүт артты.

Глобалдык жылуулануу көйгөйүнүн актуалдуулугун эске алып, А.Молдогазиев климаттын өзгөрүшүнүн натыйжасында тоолуу аймактар ​​туш болуп жаткан чакырыктар менен коркунучтарга катышуучулардын өзгөчө көңүлүн бурду.

Пикир

Оставить комментарий