• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстандын Кыргызстандагы элчисинин миссиясы аяктады

Саясат 0

Бишкек, 03.09.19. /Кабар/. КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу Өзбекстандын КРдагы элчиси Комил Рашидовду кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек мамилелеринин эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, мамлекет башчылардын деңгээлинде мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты. Жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууга, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын, эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын төрагалыгы астында чек арага жакын областтардын башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйындарын өткөрүүгө өзүнчө көңүл бурулду.

Тараптар эки өлкө ортосундагы достук, жакын кошуналык, өз ара пайдалуу кызматташтык жана стратегиялык өнөктөштүк негизинде тарыхый түзүлүп калган мамилелерди мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү максатында биргелешип иш жүргүзүүгө бекем ниетин билдиришти.

"Министр Ч.Айдарбеков элчи К.Рашидовго анын жемиштүү иши жана кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүдөгү жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады. Комил Рашидов анын Кыргызстандагы дипломатиялык кызматынын мезгилинде биргелешкен жемиштүү өз ара аракеттенүү үчүн ыраазычылык билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий