• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Элчи Өмүралиев Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 09.10.19. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчи Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар Бишкек-Анкара шаарларынын ортосундагы достук жана боордоштук байланыштардын ар түрдүү чөйрөлөрдө кызматташуусун мындан ары өнүктүрүү зарылчылыгын белгилеп, эки шаар ортосунда боордоштук мамиле түзүү тууралуу сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүштү.

"Жолугушууда Анкаранын борборунда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы паркын ачуу жана элесине арналган эстелик тургузуу макулдашылды. Экономикалык, маданий-гуманитардык жана туризмди өнүктүрүү, Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын өз ара агымын жана бизнес-коомчулугунун түздѳн-түз байланыштарын түзүү үчүн элчи Өмүралиев Бишкек жана Анкара шаарларынын ортосунда түз аба каттамын ачуу максатка ылайыктуулугун белгиледи жана М. Явашты Кыргызстанга чакырды", - деп кабарлашты министрликтин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий