• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык балбандар күрөш боюнча Хасавюрт жана Грозныйдагы турнирге катышат

Спорт 0

Бишкек, 09.10.19. /Кабар/. Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курамасы Хасавюрт жана Грозный шаарларында өтө турган эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, спортчулар алгач 10-14-октябрь күндөрү Хасавюрт шаарында өтө турган Континенталь кубогуна катышат.

Андан кийин балбандар 17-21-октябрь күндөрү Грозный шаарында боло турган Ахмат Кадыровдун байгеси үчүн күч сынашат.

Кыргызстандын атынан Мырзаназар уулу Бекболот, Алибек Осмонов, Догдурбек уулу Эламан, Илгиз Жакыпбеков, Бекжан Жамбулов катышат.

Балбандарга Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 150 миң сом бөлүнгөн.



Пикир

Оставить комментарий