• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутат Эргешов: Аркыт айылын «Сары-Челек» коругунун аймагынан сырткары көчүрүү зарыл

Коом 0

Бишкек. 30.05.19 /Кабар/. Адистердин айтымында, эгерде «Сары-Челек» коругун сактап калалы десек, Аркыт айылын коруктун аймагынан сырткары көчүрүү зарыл. Бул тууралуу депутат Алмазбек Эргешов Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, «Сары-Челек» коругунун түзүлгөнүнө 60 жылдын жүзү болуптур. Анда сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн түрү көп, арасында «Кызыл китепке» киргендери да бар. Анын аймагында 1,3 миӊ адам жашаган Аркыт айылы жайгашкан. СССР жоюлгандан кийин жергиликтүү тургундар кароосуз калгандыктан, бак-дарактар кыйылып, корукка мал жайыла баштады.

«Адистердин айтымында, эгерде корукту сактап калалы десек, Аркыт айылын коруктун аймагынан сырткары көчүрүү зарыл. Ал эми айыл тургундары жыл сайын туризмден түшкөн 6-7 млн сом каражатты айылды өнүктүрүү үчүн жергиликтүү бюджетке калтыруу өтүнүчүн билдирүүдө. Эгерде бул маселе чечилсе, алар малдын санын азайтууга даяр. Өкмөт бул маселени иликтеп чыгып, «Сары-Челек» коругун сактап калуу багытында тийиштүү чараларды көрүшү керек», - деди депутат.

Пикир

Оставить комментарий