• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутат Жамалдинов Суу чарба министрлигин түзүүнү сунуштады

Коом 0

Бишкек. 30.05.19 /Кабар/. Өлкө экономикасын чындап эле көтөрөлү десек, Суу чарба департаментин өзүнчө министрликке же комитетке айлантыш керек. Бул тууралуу депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

Анын пикиринде, Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин курамында департаменттер көп, аткара турган иш-милдети да арбын, ошондон улам жарытылуу деле иш жасалбайт калды. Ал эми Кыргызстанда сугат суу менен камсыз кылуу – өтө маанилүү маселе. Ошондуктан, Суу чарба департаментин министрликтин курамынан алып чыгып, өз алдынча мекемеге айлантуу зарыл.

"Менимче, өлкө экономикасын чындап эле көтөрөлү, айыл чарбасын өнүктүрөлү, элеттиктердин турмушун жакшырталы десек, Суу чарба департаментин өзүнчө министрликке же комитетке айлантыш керек. Эксперттердин айтымында, суу башында турабыз дегенибиз менен, агын суунун көлөмү жылдан-жылга азайып барат. Мындай тенденция бүикүл дүйнө боюнча байкалууда. Кыргызстан үчүн мындай жаӊы түзүм өтө зарыл", - деди депутат.

Пикир

Оставить комментарий