• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин түштүк бөлүгүндө дагы бир мектеп ачылат

Коом 0

Бишкек, 14.07.23. /Кабар/. Президенттин тапшырмасынын негизинде Бишкектин 10-кичирайонунда дагы бир мектеп ачылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 10-кичирайондо жайгашкан Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин имаратынын абалы менен таанышты.

Имараттын аянты 11 миң чарчы метрден ашат жана анын жарымы туура эмес багытта колдонулуп келген.

Мамлекет башчысы имараттын кейиштүү абалын эске алып, жалпы билим берүүчү уюм катары Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүүнү, ошондой эле жаңы окуу жылына карата капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Учурда объектиде 200дөн ашуун жумушчу иш алып барууда.

Эскерте кетсек, былтыр шаар боюнча 15 мектеп жана 1 бала бакча ачылган.

Пикир

Оставить комментарий