• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Депутат өкмөт башчыдан парламенттин чыгымын азайтууну суранды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев премьер-министр Сапар Исаковдон эмне үчүн 2017-жылы парламенттин чыгымын кыскартпагандыгына кызыкты. Бул тууралуу ал ЖКнын жыйынында республикалык бюджет талкууланып жаткан кезде билдирди.

Масалиев билдиргендей, 2017-жылы өкмөттүн жана президент аппаратынын чыгымы кыскартылды, ал эми ЖКныкы өсүүдө.

“Бизге дагы чыгымды кыскартып койгула. Болбосо элдердин кабыл алуусу башкача”,-деди ал.

“Өкмөт боюнча 2017-жылы 2 млрд сом чыгым кыскартылды деп айта алам. Мындайча айтканда жакшы жашоодон эмес. Биз бюджетти теңдедик”,-деп билдирди өкмөт башчы.

Ошондой эле Масалиев өкмөткө Кумтөрдү Кыргызстандын бюджетинен чыгарууну сунуштады.

Исаков өз кезегинде жооп кайтарып, андай кылууга болбой тургандыгын айтты. Себеби кен Кыргызстандын аймагында жайгашкан. “Эгерде аны өлкөнүн бюджетинен чыгарып салсак, анда, бул жакшы болбойт”,-деп белгиледи Исаков.

Пикир

Оставить комментарий