• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутат кышкысын парламенттин имаратында абдан суук экендигин айтты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Жогорку Кенештин депутаты Дастан Бекешов кышкысын парламенттин имаратында абдан суук экендигин айтып өкмөткө арызданды.

Жогорку Кеңештеги 2018-2019-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыкты талкулоонун жүрүшүндө депутат жылуулук берилген күндө деле имараттын ичи суук экендигин айтып өттү.

“Ак үйдүн ичинде суук болуп жатканда бейтапкана менен балдар үйлөрүн айтпай эле коелу. Биз жылыткычтарды күйгүзүүгө аргасызбыз”, - деди Бекешов.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов парламенттин атайын ушул маселе боюнча алектене турган атайын кызматкери болушу керектигин түшүндүрдү.

Пикир

Оставить комментарий