• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутат Момбеков: Кыргыз тилин өнүктүрүүгө 142 млн сом сарпталды, бирок натыйжа жок

Коом 0

Бишкек, 14.09.17 /Кабар/. Кыргыз тилин өнүктүрүүгө 142 млн сом сарпталды, бирок натыйжа жок. Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков парламенттин жыйынында айтты.

Анын айтымында, өкмөт мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө каражат бөлөт, бул максатта жалпысынан 142 млн сом жумшалган. Бирок, натыйжалуу иштер аткарылган эмес.

Депутат каражаттарды туура пайдалануу маселесин тармактык комитетте карап, зарыл болсо депутаттык комиссия түзүү керек деп эсептейт.

Момбеков билим берүү жана илим министрин алмаштыруу керектигин айтты. Учурдагы министр мамлекеттик тилде сүйлөбөйт.

Ал бул кызматка Кыргыз-Россия слваян университетинде кыргыз тилин окуткан Галина Василькованы дайындоо керек деп эсептейт. Аны дайындаган шартта, бул кыргыздарды намыстантып, алар тилди үйрөнө башташат, дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий