• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан меймандос мамлекеттердин арасында 60-орунду ээледи

Коом 0

Бишкек, 14.09.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Passport Index порталы меймандос мамлекеттердин тизмесинин рейтингин жарыялады. Рейтинг боюнча Кыргызстан 60-орунду ээлеген.

Сайттын маалыматы боюнча, жыйынтык мамлекет канча өлкөнүн жарандарын визасыз киргизүүгө даяр экендигинен улам келип чыккан.

Кыргызстанга 81 мамлекеттин тургундары визасы жок кире алышат.

Афганистан, Түндүк Корея, Сомали, Сирия жана Түркмөнстанга кирүү үчүн виза же башка уруксат кагаз алуу керек. Бул мамлекеттер өз өлкөсүнө азырынча бардыгын эле визасыз киргизүүгө даяр эмес.

Рейтингде Казакстан 74-орунда, Россия 83-орун, Өзбекстан жана Тажикстан 96-орунду ээлешкен.

Пикир

Оставить комментарий