• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Депутат Сулайманов: Бизге губерниясы жок губернаторлордун эмне кереги бар?

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 23.04.19 /Кабар/. Азыр аймактардагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү эмне маселе чечет? Эч нерсе чечпей калышты. Аларды жоюш керек, бизге губерниясы жок губернаторлордун эмне кереги бар. Бул тууралуу «Бир Бол» фракциясынын башчысы Алтынбек Сулайманов Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинде Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө премьер-министрдин отчету угулуп жатканда билдирди.

"Жергиликтүү бийлик органдарын реформалоо иши качан башталат? Ушул маселени такай көтөрөбүз, азыркыга чейин так жообу жок", - деди депутат.

"Акимдер менен өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ошол бойдон кала беришеби? Муну премьер-министрдин чечими менен эле чечип койсо болот да. Ал эми акимдер айыл өкмөттөрүнүн ишине жакындан жардам бериши керек", - деп кошумчалады Сулайманов.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жергиликтүү бийлик органдарында кайсы бир түзүм ашыкча болуп жатканын моюнга алды.

"Балким айыл өкмөттөрүн бириктирип, райондорду эле калтырсак кантет? Эми, бул маселени иликтеп жаткан комиссиянын жыйынтыгын күтүш керек, анан алардын бирин калтыруу маселеси чечилет деген ойдомун, - деди премьер.

Пикир

Оставить комментарий