• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутаттар тобу Ош облусунда шайлоочулар менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13-июнь /Кабар/. Депутаттардын шайлоочулар менен жеринде көрүшүп, алар тарабынан айтылган маселелерди чечүү боюнча аракеттерди көрүүсү жакшы салтка айланып барат. Жакында Жогорку Кеңештин депутаттары А.Нурбаев, У.Примов, Ж.Акаев, Ж.Турускулов, К.Орозова, Б.Раимкулов, Т.Тиллаев Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын тургундары менен жолугушуп, андагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча кеңеш куруп келишти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жапалак айыл аймагына караштуу Кеңеш айылындагы жолугушууда таза суунун тартыштыгы, электр энергиясына болгон муктаждык, жол оңдоо, үй салып алгандардын жер тилкелерин мыйзамдаштырып берүү, жөлөкпул, экология маселелери козголду.

Депутаттардын айтканына караганда, Ош шаарын таза суу менен камсыз кылуу боюнча маселе жакынкы убактарда толук чечилет, анткени бул маселе боюнча макулдашуу Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланууда.

Ал эми электр энергиясына карата болгон муктаждыкты жоюу боюнча чакан ГЭСтерге басым жасалып Чехиядан келген инвесторлор 14 ГЭС курууга белсенүүдө.Электр энергиясы боюнча мыйзам да толукталып иштелип жаткан.

Ошону менен бирге, көпчүлүктү кызыктырган балдарга берилүүчү жөлөкпул маселеси боюнча атайын мыйзам кабыл алынып жатканы маалымдалды. Ал мыйзам кабыл алынса, балдар төрөлгөндөгү сүйүнчүгө 4 миң сомдон, 3 жашка чейинки ар бир балага 700 сомдон жөлөкпул бериле баштайт.

Жолугушууда ушул сындуу бир катар маселелер айтылып, алардын кандайча чечилип жатканы боюнча маалыматтар берилди. Жергиликтүү тургундар тарабынан айтылган ар бир маселе көңүл сыртында калбай турганына депутаттар дагы бир ирет ишендирип кетишти.

Пикир

Оставить комментарий