• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Депутаттар Жолдубаеванын отставкасын ал жок эле карашат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.04.18. /Кабар/. Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев ЖК депутаттарын Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын отставкасын кароо маселесин сурады.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков билдиргендей, Жолдубаева парламентке анын отставкасын өзү жок эле кароого каршы эместигин билдирген кат жөнөткөн.

КР президенти Сооронбай Жээнбековдун сунуштамасын президенттин аппаратынын жетекчиси Мухамметкалый Абулгазиев көрсөттү.

Эске сала кетсек, кечээ, конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеӊештин Регламент боюнча комитети Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу сунушун бир добуштан колдогон.

Белгилей кетсек, Жолдубаева Башкы прокурор кызматына 2015-жылдын 28-январында келген.

Пикир

Оставить комментарий