• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Динара Кемелова БУУ ЕЭКтин Аткаруучу катчысынын орун басары Дмитрий Марьясин менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 11-мартта КР тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова 9-11-мартта Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Европа экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Аткаруучу катчысынын орун басары Дмитрий Марьясин менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана аймактык кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүн өнүктүрүүдөгү ролун талкуулашты.

КР тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Кыргыз Республикасында энергетикалык коопсуздук, гидроэнергетика жана калктын сууга жетишүүсүн кеңейтүү, мамлекеттик органдардын потенциалын жогорулатуу, Евробиримдик өлкөлөрүнө ата мекендик товарлардын экспортун көбөйтүүгө бизнес өкүлдөрүн окутуу жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Комиссия менен өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Өзүнчө Динара Кемелова тоо экосистемаларын коргоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргыз Республикасынын акыркы эл аралык демилгелери тууралуу маалымат берди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын Аткаруучу катчысынын орун басары Дмитрий Марьясин көтөрүлгөн маселелердин актуалдуулугун ырастап, Комиссия аларды ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Ал БУУнун Борбордук Азия экономикалары үчүн атайын программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын жигердүү катышуусунун, ошондой эле ата мекендик товарларды дүйнөлүк рынокко экспорттоону өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасын негизги эл аралык транспорт коридорлоруна кеңири тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясы – бул Бириккен Улуттар Уюмунун беш аймактык комиссиясынын бири. Ал 1947-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык жана социалдык кеңеши (ЭКОСОС) тарабынан экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясы регионундагы ички жана ошол аймак менен дүйнөнүн калган өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоо максатында түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий