• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дистанттык билим алуу: Баткенде мүмкүнчүлүгү жок окуучулар телевизор менен камсыз болушту

Аймак 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Баткен облусунда дистанттык окууга шарты жок окуучулар телевизор менен камсыз болушту. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү, балдарды колдоо жылынын алкагында дистанттык окууга шарты жок үй-бүлөлөр такталып, Кадамжай шаардык мэриясы жергиликтүү кеңештин депутаттары менен биргеликте шаардагы беш үй-бүлөгө сыналгы алып беришти.

Мындан сырткары, облустун бардык мектептериндеги сыналгылар, ошол мектептеги муктаж болгон үй-бүлөлөргө берилүүдө.

Учурда жергиликтүү бийлик органдары тарабынан окуучулардын аралыктан билим алуусун үзгүлтүккө учуратпоо үчүн тиешелүү шарт түзүү боюнча аракеттер көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий