• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Добуштарды кол менен саноо бүттү, протоколдор системага киргизилүүдө

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Кыргызстандагы бардык шайлоо тилкелериндеги бюллетендер саналып бүттү, протоколдор жана бюллетендер аймактык участкаларга жиберилди. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова айрым партия жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, кол менен саноонун жыйынтыгы системага киргизилүүдө: бирдиктүү округ боюнча 40%, 21 бир мандаттуу округ боюнча маалыматтар келип түштү.

“Бардык участкалардагы протоколдор системага бирден киргизилет. АСУнун маалыматы адамдын кийлигишүүсүз чыгууда, кол менен саноонун жыйынтыгы системага БШКнын кызматкери аркылуу киргизилүүдө. Бул үчүн бир аз убакыт талап кылынат", - деп, шайлоонун жыйынтыгын көз карандысыз кайра саноого даяр экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий