• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

БШКнын төрайымы ведомствонун сайтындагы программалык катанын себебин айтты

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова саясий партиялардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушууда ведомствонун сайтындагы программалык катанын себебин дагы бир жолу түшүндүрдү.

Анын айтымында, буга чейин ачык-айкын шайлоо процессинин алкагында БШКнын программисттери жарандар үчүн жеңилдетилген кошумча платформа түзүшкөн, анда автоматтык эсептөө урналардан (АКС) шайлоонун жыйынтыгы боюнча алдын ала маалыматтар онлайн режиминде жарыяланып турат.

“Борбордук шайлоо комиссиясынын серверинде эч кандай мүчүлүштүктөр болгон жок, бул таблицанын ишиндеги кичинекей программалык ката, бирок ал добуш берүүнүн жыйынтыгына эч кандай таасир этепейт жана эте албайт”, - деди ал.

Муну менен катар БШК төрайымы система үч блоктон турарын кошумчалады: “Шайлоо тилкелериндеги АСУ – сервер – расмий сайт”, өз кезегинде программалык ката булардан тышкары болгон.

Белгилей кетсек, шайлоодон кийин шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыялана турган БШКнын сайтында мүчүлүштүктөр кеткен. Бары оңдолгондон кийин сандар өзгөргөн. БШК төрайымы түшүндүргөндөй, сайттагы ката формуланын туура эмес иштешинен келип чыккан, ал дароо оңдолгон.

Пикир

Оставить комментарий