• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Доха шаарында кыргыз-катар кызматташтыгы талкууланды - ТИМ

Саясат 0

Бишкек, 26.10.18. /Кабар/. Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Катардагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Нуран Ниязалиевдин Катар Мамлекетинин Транспорт жана коммуникация министри Жассим Саиф Ахмед Аль-Сулайти менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган жолугушууда темир жол, унаа жол жана аба транспорту тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, тактап айтканда Кыргызстандан Катарга жүктөрдү жеткирүү үчүн транспорттук коридорду түзүү маселелери талкууланды.

Андан тышкары биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

“Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Бишкек менен Доханын ортосунда түз аба каттамын ачуу зарылдыгын белгилешти”, - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында элчи Нуран Ниязалиев министр Жассим Аль-Сулайтиге Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун катын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий