• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Душанбе абакта отурган 80 ооган жаранын Кабулга өткөрүп берди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.07.19. /Кабар/. Тажик бийлиги өлкө абактарында жаза мөөнөттөрүн өтөп жаткан 80 ооган жаранын Кабулга өткөрүп берди.

Ооганстандын Душанбедеги элчилигинин басма сөз катчысы Фахим Кухдоманинин билдиришинче, ооган жарандары эки өлкөнүн чек арасындагы «Төмөнкү Панжи» көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу 28-июлда таңкы саат төрттө өткөрүлө баштады.

Ооган дипломаттарынын маалыматына караганда, буга чейин Тажикстандын түрмөлөрүндө 90дон ашуун ооганстандык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан. Алардын көпчүлүгүн маңзат аткезчилиги жана чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн соттолгондор түзөт. Эми алардын Кабулга өткөрүлүп берилгендери калган жаза мөөнөттөрүн өз өлкөлөрүндөгү абактарда өтөшөт.

Быйыл май айында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ооганстандын тышкы иштер министри Салохуддин Раббани менен жолугуп, 80 ооган жараны Кабулга өткөрүлүп бериле турганын убадалаган. Анда камактагыларды өткөрүп берүү эл аралык жана эки тараптуу келишимдин негизинде жүргүзүлөрү кабарланган.

Бирок тажик бийлиги өлкө абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан ооган жарандарынын бардыгы эле Кабулга берилбестигин белгилеген. «Өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгондор, анын ичинде террордук чабуулдарга тиешеси бар же биздин чек арачыларды жарадар кылган аткезчилер Тажикстандын түрмөлөрүндө калат», — деп билдирген тажик өкмөтүндөгү булактар.

Июндун аягында Кабул Ооганстандын абактарында отурган сегиз тажик жаранын Душанбеге өткөрүп берген.

Пикир

Оставить комментарий