• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дыйкандарга 4,6 миллиард сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 09.07.18. /Кабар/. Кыргызстандын дыйкандарына берилген жеңилдетилген насыя 2018-жылдын 5-июлуна карата 4 миллиард 614 млн. 987,6 миң сомду түзөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Айыл чарба, тамак-аш өндүрүшү жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Анын айтымында, бардыгы болуп көрсөтүлгөн мезгилге 10 миң 305 жеңилдетилген насыя берилген.

“Берилген каражаттын жалпы суммасы 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,2 миллиард сомго көп. Бардыгы болуп 264 айыл-чарба субъектиси 23 миллион 983, 5 миң сом өлчөмүндө жеңилдетилген каражат алышты”, - деп түшүндүрдү ал.

Пикир

Оставить комментарий