• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Эч бир бала өксүбөй, татыктуу балалык доорун сүрүүсүнө тилектешмин”. Бейшеналиев балдарды куттуктады

Билим 0

Бишкек, 01.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кыргызстандыктарды 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

“Урматтуу биз келечегибиз катары билген балдарыбыз, тарбияланып жаткан муун жана ата-энелер. Бүгүнкү Балдарды коргоонун эл аралык күнү жалпыбызга куттуу болсун.

Балдарыбыздын келечеги кең, асманы ачык болушун тилейм. Эч бир бала өксүбөй, татыктуу балалык доорун сүрүүсүнө тилектешмин. Анткени, балдар - биздин келечек”, - деди министр.

Бейшеналиев кыргызстандыктарды Эмен паркында өтүп жаткан “Балалык ыргагында” аттуу майрамдык иш-чарага чакырып кетти.

Пикир

Оставить комментарий